Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Мекeнимдин айыл чарбасын көтөрөм


Биз кесипти бала чагыбыздан эле тандап баштайбыз. Кесип тандоо бул жашоодо маанилүү чечим. Кесип тандоодо эң негизгиси тандаган кесиптен сага эмне керек жана кесип сага эмне пайда алып келе алат деген суроолорго жооп табуу кажет.

Биз тандаган кесип стабилдүү келечекке алып келерине бекем ишенүүбүз керек. Жумуш табуу биздин оор заманда жеңил эмес. Көп кесипке квалификация жана жогорку билим керек.

Мен 11-классты жакшы аяктадым, ЖРТдан күткөндөй эле жакшы упай топтодум. Чынында бул тестин жыйынтыгын классташтарым сыяктуу чыдамсыздык менен күткөн жокмун, анткени апрель айында биздин шаарга Орусиянын Кострома Айыл чарба академиясына тапшыруу үчүн тест алышкан. Тесттин жыйынтыгы май айында жарыяланган. Бюджетке өткөндөрдүн тизмесинде өзүмдүн атымды көргөндө абдан кубангам. Менин кыялымда чет өлкөдөн билим алып келип, алган билимимди өз мамлекетиме - Кыргызстаныма жумшагым келет.

Кесип тандоодо ата-энем менен пикир келишпестиктер пайда болуп, мен кабыл алынган окуу жайды, агро-инжинердик факультетти жактырбай, "Орусияга жибербейбиз” деп чыгышты.

Ата-энемдин кайчы пикирине карабай, "окушум керек!" деген чечимге келдим. Кызыгы ал окуу жайдан бакалаврды окуп бүтүп, магистратураны Франциядан же Германиядан улантууга мүмкүнчүлүк бар экен. Ал жактан билим алып, Кыргызстанга пайдам тийсе жаманбы?

Биздин Кыргызстанда айыл чарбасынын абалы төмөн деңгээлде, анткени биздин жерлердин асылдуулугу азайып, түшүм аз алынат. Жер иштеткен ар бир карапайым дыйкан чет өлкөдөн алынып келинген кымбат баадагы аммофос, селитра сыяктуу жер семирткичтерди сатып алууга мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ошондуктан, көп продукцияларды кымбат баада чет өлкөдөн сатып алабыз.

Келечектеги менин тилегим - элибиздин жашоо-шартын жакшыртуу үчүн, мамлекетибиздин экономикалык жактан гүлдөп-өнүгүшү үчүн, чет өлкөдөн инвесторлорду таап, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жана жер семирткичтерди өндүрүүчү ишканаларды куруу. Түшүмдү көбөйтүү үчүн жаңы айыл чарба техникалары керек, өлкөбүздө бардык айыл-чарба техникалары совет мезгилинен калган, анын көбүнчөсү бузук, сатылып, тонолуп кеткен. Жерден мол түшүм алып, аларды кайра кошуна өлкөлөргө сатып, Кыргызстанымдын айыл чарбасын бийик деңгээлге көтөргүм келет.

Бир күнү ушул максатыма жетем деп өзүмө катуу ишенем жана келечекте Кыргызстаныбыздын экономикалык, медициналык, социалдык тармактарын жаш, акылдуу, күчтүү, билимдүү адамдар өнүктүрөт деп ишенем!

Нурбакыт Шеримбеков, Каракол шаарынын №11 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG