Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Грециянын премьер-министри өзүнө каршыларды отставкага кетирди


Премьер-министр Алексис Ципрас Евробиримдик талап кылган катаал реформалар боюнча мыйзам долбоорлоруна каршы чыккан министрлерди кызматтан кетирди.

Аталган долбоорго Ципрастын солчул СИРИЗА партиясынан дагы айрым депутаттар каршы добуш беришкен эле. Жума күнү кечинде Германия парламентинин депутаттары Афиныга финансылык жардам көрсөтүүнүн үчүнчү пакети боюнча Греция менен сүйлөшүүгө немис өкмөтүнө уруксат берүүнү көпчүлүк добуш менен жактырган.

Анын алдында евроаймакка кирген өлкөлөрдүн башчылары Грецияга насыя берүү планы боюнча алдын ала макулдашууну бекиткени белгилүү болгон. Анын жалпы суммасы 86 миллиард евро.

Греция ошондой эле жаңы жардам боюнча макулдашуулар учурунда өлкө экономикасын кармап туруу үчүн 7 миллиард евро өлчөмүндө бридж-кредит алат.

XS
SM
MD
LG