Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

“Алтын-Кен” ишканасы 29-июлда ишке кирет


Бул маалымат бүгүн өкмөт башчы Темир Сариев ишкананын абалы менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Бакыт Асановдун маалыматында аталган ишкана ушул жылдын аягына чейин 1 тонна алтын өндүрүүсү мерчемделүүдө. Ишкана толук кандуу иштей баштагандан тарта жергиликтүү тургундардын 90 пайызы жумушка тартылат.

Талды-Булак-Сол жээк кенинде чалгындоо иштерин “Алтын-Кен” ишканасы жүргүзүп келген. Талды-Булакта алтындан сырткары күмүш жана күкүрт да казып алынат. Изилдөөлөр боюнча, алтындын көлөмү 78 тоннага жакын.

Жергиликтүү калктын 60 пайызы Кытай компаниясына, 40 пайызы “Кыргыз алтын” ачык акционердик коомуна караган “Алтын-Кен” ишканасына каршы чыгып, бир нече жолу акция өткөрүшкөн. Кытай компаниясынын келишим мөөнөтү 2026-жылы бүтөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG