Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Жоочуларды кармоо операциясына катышкандар сыйланат


Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 16-июль күнү кечинде Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда куралдуу топту кармоо операциясына катышкан кызматкерлерди сыйлоо боюнча УКМКнын башчысына тапшырма берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Бүгүн президент Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды. Табалдиев президентке куралдуу топту кармоо операциясы жөнүндө кенен маалымат берди. Анда операция учурунда жарадар болгон атайын кызматтын кызматкерлеринин ден соолугу канааттандырарлык экенин белгиледи. Президент алардын саламаттыгына көз салып туруусун жана акчалай жардам көрсөтүүсүн тапшырды.

Аягында өлкө башчысы атайын кызматты мындан ары да мамлекеттин коопсуздугун сактоодо күжүрмөн эмгек кылууга чакырды.

16-июль күнү кечинде Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда куралчан топту кармоо операциясы болуп, УКМКнын төрт жоокери жаракат алып, төрт жоочу өлтүрүлүп, жетөө кармалган. (TSh)

XS
SM
MD
LG