Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:57

Казакстандын Коопсуздук комитети айрым маалыматтарды төгүндөдү


Казакстандын Коопсуздук комитетинин антитеррордук борбору казакстандык жарандар Альберт Абхин менен Жанбулат Амиров Казакстан аймагында террордук уюмду түзүп, жетектегендиги тууралуу медиа-каражаттары тараткан маалыматтарды төгүндөдү. Бул тууралуу аталган кызматтын сайтына 17-июлда билдирүү чыкты.

Буга чейин 16-июлда Бишкектеги антитеррордук операция учурунда жок кылынган алты адам Казакстан аймагында аракеттенген террорчул такфирчилер топторунан болушу мүмкүн деген жоромолдор тараган.

Казакстан атайын кызматы тараткан маалыматка караганда Бишкектеги атайын операцияларда жок кылынган казакстандык эки жаран Батыш Казакстандын тургундары болушкан.

"Алар радикалдык үгүттүн таасири астында Сириядагы жана Ирактагы согуш аймактарына кетүүнү чечип, аны Кыргызстан аркылуу ишке ашырууну көздөшкөн. Бул өлкөгө Абхин 2014-жылдын май айында, Амиров августта мыйзамсыз кирген.

Кыргызстанда кармалган экөөнө ошол эле жайда чек араны мыйзамсыз өттү, документ жасады, мыйзамсыз миграцияны уюштурду деген күнөө тагылып, төрт жана үч жылга кесилишкен. Быйыл жазда Абхин менен Амиров жатак абактан качып кетишкен" деп айтылат билдирүүдө.

Альберт Абхин 1-июлдагы атайын операцияда өзүн жардырып жибергени мурда кабарланган. Ал эми Жанбулат Амиров 16-июлда Бишкекте өткөн антитеррордук операцияда жок кылынган алты кишинин бири экендиги тууралуу маалымат тараган. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG