Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:21

Атайын операция учурунда өрттөнгөн үйлөр боюнча комиссия түзүлөт


Өкмөт башчы Темир Сариев 16-июль күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин куралдуу топту кармоо операциясы учурунда өрттөнгөн үйлөр боюнча атайын комиссия түзүлөрүн билдирди. Аталган комиссия келтирилген зыянды аныктап чыккандан кийин жабыр тарткандарга чыгымын төлөп берүү маселеси каралат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ал жерде беш үй өрттөнгөнүн билдирген. Операция учурунда колдонулган гранатадан улам өрт тутанып, ал кылмышка шектүүлөр жашынган үйгө жанаша жайгашкан үйлөрдү да жалмаган.

16-июль күнү Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда куралдуу топту кармоо операциясы өткөн. Операция учурунда УКМКнын атайын отрядынын төрт жоокери жаракат алып, кылмышка шектүү алты адам өлтүрүлгөн, жетөө колго түшүрүлгөн. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG