Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:30

Аутист балдардын ата-энелери депутаттарга кайрылды


Аутист балдардын ата-энелеринин бирикмеси депутаттарды майыптардын укугу тууралуу Конвенцияны ратификациялоого чакырат. Видео кайрылууда “парламент ратификациялоо маселесин карап жатат, эгерде аталган конвенцияга кошулуп кала турган болсок, аны ишке ашырууга мамлекеттен акча каражаты бөлүнүш керек” экени айтылат. Кайрылууда эгерде ратификациялоодон өтсө, балдарын окутууга, медициналык жардам алууга бир топ жеңил болоору белгиленет.

Кыргызстан 2011-жылдын 21-сентябрында Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 66-сессиясында аталган Конвенцияга кол койгон. Бирок азырынча ратификациялана элек. Конвенция 151 өлкөдө ратификацияланган.

Аталган бирикменин маалыматы боюнча, Кыргызстанда орто эсеп менен жыйырма миңдей ата-эне аутист бала тарбиялайт. Кыргызстанда аутист балдардын башын бириктирген атайын мектеп бар. Бирок буларга тийиштүү билим берүүчү адистердин жоктугу айтылып келет.

Аутисттер сыртынан башкалардан айырмаланбайт. Бирок ошол эле учурда интеллектуалдык жактан өзгөчө келишет. Аларды көбүнчө бир көргөндө өтө жоош же өтө шок адам катары мүнөздөшөт. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG