Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Өкмөт башчы Чолпон-Атада жергиликтүү бийликти сынга алды


Премьер-министр Темир Сариев Ысык-Көлдөгү иш сапаранын алкагында бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы элдик пляждын абалы менен таанышты. Ал жээктерде тазалык сакталбай, таштандыга толуп, санитардык абалы начар болгону үчүн мэр Болот Бакировду сынга алды.

Силер жеке пансионаттардын пляждарын көрдүңөрбү, эмне үчүн муниципалдык менчикке тиешелүү жээктер таза эмес? Жергиликтүү тургундар да бир жерде эс алышы керек, аларга шарт түзүп берүү зарыл”, - деди Сариев.

Өкмөт башчы келерки жылы КМШ өлкөлөрүнүн жана ШКУнун саммити Чолпон-Атада өтөрүн, андыктан муниципалдык мекемелер республикалык деңгээлдеги талаптарга жооп берүүгө тийиш экенин кошумчалады. (AsA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG