Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Алматы-Чолпон-Ата жолун куруу пландалууда


Алматы шаарынан Чолпон-Атага чейин жолду куруу пландалып жатканын өкмөт башчы Темир Сариев кесиптеши Карим Масимов менен жолугушуу учурунда билдирди. Сариевдин айтымында, жол Кемин району аркылуу өтүп, 250 чакырымга чейин аралыкты кыскартат.

"Азыр Казакстандан туристтер Бишкекти айланып, 7-8 саат жол жүрүп келишүүдө. Эгер Кемин аркылуу жол салынса, 2 жарым саатта көлгө келип калууга шарт түзүлмөк”, - деди Сариев.

Өкмөт башчы долбоор качан башталып, канча убакытта ишке ашырыларын тактаган жок.

Казак өкмөт башчысы Карим Масимов Кыргызстанга бүгүн келген. (AsA)

XS
SM
MD
LG