Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Президент Транзиттик борбордун ордуна ачылган аскер бөлүгүнө барат


Мамлекет башчы бүгүн “Манас” аба майданындагы АКШнын мурдагы Транзиттик борборунун ордуна ачылган аскер бөлүгүнө барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Кабарларга караганда, иш сапарында Алмазбек Атамбаев Транзиттик борбордун имаратына жайгаштырылган Улуттук гвардиянын атайын батальонунун абалы менен таанышат.

Транзиттик борбордун ордуна жайгаштырылган атайын батальондо азыр 200 аскер бар, алардын санын 1500ге жеткирип, атайын бригада кылып түзүү мерчемделүүдө.

Улуттук гвардиянын атайын батальону конституциялык түзүлүштү, өлкөнүн эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактын бүтүндүгүн коргоого милдеттендирилген. Ошондой эле аталган батальон “Манас” аэропорту баш болгон стратегиялык объекттерди кайтарууга, аларды кайтаруунун коопсуздугун көзөмөлдөөгө милдеттенме алган.

АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аэропортундагы Транзиттик борбор Кыргызстандагы ишин токтотуп, чыгып кеткенине бир жыл болду. 2001-жылы декабрда ачылган аскер базасы катары ачылып, кийинчерээк Транзиттик аталган борбордун келишими өткөн жылы 10-июлда аяктаган. Өз ишин жыйынтыктап жатып, Транзиттик борбор кыргыз тарапка 30 млн. долларлык имараттарын жана техникалык жабдыктарын калтырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG