Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү маселеси бүгүн Астанада талкууланат


Бул тууралуу Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев кечээ Ысык-Көлдө казак премьер-министри менен жолугушкан учурда билдирди. Анын айтымында, Евразия экономикалык биримдигинин шарттары, Кыргызстандын ага кошулуу жараяны боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн экономика министри Олег Панкратов башында турган өкмөттүк топ Казакстанга барат. Анда ЕАЭБге байланышкан бардык маселелер талкууланат.

Буга чейин Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү тууралуу мыйзам долбоорлору биримдикке мүчө бардык мамлекеттердин парламенттери тарабынан жактырылган. Ошондой эле Орусия, Армения жана Кыргызстандын мамлекет башчылары бул тууралуу мыйзамга кол коюшту. Эми расмий Астана менен Минск кол коюусу күтүлүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG