Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун так күнү аныктала элек


Премьер-министр Темир Сариевдин Тышкы иштер министрлигинин коллегиясында билдиргенине караганда, 25-июлда чек аралар ачылууга тийиш. "Ошондуктан күчтүн жетишинче жан үрөп иштешибиз керек", - деди өкмөт башчы. Анын айтымында, учурда ишкерлер да, соодагерлер да чек аранын ачылуусун күтүп жатышат.

Буга чейин Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнө байланыштуу чек аралар 3-июлда ачылары айтылган. Кийин бул дата 15-июлга калган. Кыргызстандын Бажы кызматы өлкөнүн ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл түйүндөрү толугу менен биримдикке кирүү шарттарына жооп берет жана чек аранын ачылышына даяр деп билдирүүдө.

Учурда Кыргызстанда жергиликтүү дыйкандар өндүргөн айыл чарба продукциялары өтө арзан болуп, ага сарпталган каражат менен жумшалган мээнетти актабай жатканына дыйкандар нааразы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG