Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:58

Кыргызстандыктар бүгүндөн тарта Орусияда каттоосу жок 30 күн жүрө алат


Кыргызстандык жарандардын Орусиянын аймагында 30 күнгө чейин каттоосу жок жүргөнгө уруксат берген макулдашуу бүгүнкү күндөн тарта күчүнө кирет. Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен ушул маселеге байланыштуу нота алышканын билдирген.

Жаңы жол-жоболорго ылайык, кыргызстандыктар Орусияда мурдагыдай 7 күн эмес, 30 күнгө чейин каттоосу жок жүргөнгө акылуу. Мындан сырткары Евразия экономикалык биримдигине байланыштуу бардык макулдашуулар бүткөн соң мигранттар үчүн патент системасы жоюлат жана орус, тили жана тарыхы боюнча экзаменден бошотулат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG