Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Алайдын айылдарында төрөт үйлөрү иштебей турат


Ош облусуна караштуу Алай районунун бийик тоолуу Талды-Суу, Сары-Могол айылдарында төрөт үйлөрү иштебей жатат. Аталган райондун тургундары мурда иштеп жаткан төрөт үйлөрү убактылуу жабылды деген бойдон кайра ишке кирбей калганын “Азаттыкка” маалымдашты.

Район акими Таалай Сарыбашевдин айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен акушер-гинекологу жок төрөт үйлөрдүн баары жабылган. Бул арада айыл тургундары облус же район борборлорунда көз жаруу элди көп түйшүккө салып, чыгымга учуратып жатканын айтышууда.

Өткөн аптада Сары-Могол айылынын тургундары митингге чыгып, социалдык талаптарды көтөрүшкөн болчу. (YI)

XS
SM
MD
LG