Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Базар-Коргондо Аскаровго сыйлык берилишине каршы митинг өттү


Бүгүн Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон райондук администрация алдына 100дөй адам чогулуп, Азимжан Аскаровго сыйлык берилишине каршылыгын билдиришти. Алар Кыргызстандагы АКШнын элчилигин жабууну талап кылышты. Тынч митингге чыккандар түштөн кийин тарап кетишти.

АКШ Мамлекеттик департаменти өмүрүнүн аягына чейин камалган Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” деп өткөн айда атайын сыйлык ыйгарган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги муну сындап, “бул сыйлык тийиштүү эмес учурда, тийиштүү эмес адамга берилүүдө” деген билдирүү тараткан.

Аскаров 2010-жылдагы июнь калабасын уюштурууга шектелип, өмүрүнүн аягына чейин камалган. Өзү жана эл аралык коомчулук муну адилетсиз чечим деп баалап келет. (RsK/КЕ)

XS
SM
MD
LG