Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

АКШ Иран менен түзүлгөн келишимдин негиздерин түшүндүрдү


Израиль -- АКШ коргоо министри Эштон Картер (оңдо) Израилдин коргоо министри Моше Яалон менен. Тель-Авив, 20-июль, 2015
Израиль -- АКШ коргоо министри Эштон Картер (оңдо) Израилдин коргоо министри Моше Яалон менен. Тель-Авив, 20-июль, 2015

АКШ коргоо министри Эштон Картер Ирандын ядролук программасы боюнча келишим түзүлгөндөн кийинки алгачкы иш сапарын Израилден баштады. Жолугушууда Израиль коргоо министри Моше Яалон Тель-Авив Вашингтон менен достук алаканы бааларын билдирип, Израилдин коопсуздугуна кошкон салымы үчүн Картерге алкыш айтты.

Картер кечээ Изарилге учуп келатып "керек учурда АКШга маселени аскерий жол менен чечүүгө жол берилгенин" Иран менен түзүлгөн келишимдеги бир жетишкендик катары атаган. Анын айтымында, Тегеран эгер келишимдин шарттарын бузчу болсо, Кошмо Штаттар күч колдонууга даяр турат.

АКШ коргоо министри Иран менен келишимди "тарыхый ката" деп атаган Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен да жолугушары күтүлүүдө.

Израиль - Картер Иран менен келишимдин негиздерин түшүндүрүү үчүн келген Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы союздаш өлкөлөрүнүн алгачкысы. Пентагондун башчысы андан ары Сауд Аравия менен Иорданияга сапар тартары кабарланууда.

Иран менен дүйнөнүн алты державасы Тегерандын ядролук программасы боюнча келишимге 14-июлда жетишкен. Венада макулдашылган бул келишим 12 жылдык талаштын натыйжасы, соңку жылдардагы эл аралык дипломатиядагы чоң окуя катары бааланууда.

XS
SM
MD
LG