Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:09

Тоолуу Бадахшан сел менен жер көчкүдөн катуу жапа чекти


Тажикстан -- Селден кийин тигилген чатыр лагерь, Тоолуу Бадахшан, 19-июль, 2015.
Тажикстан -- Селден кийин тигилген чатыр лагерь, Тоолуу Бадахшан, 19-июль, 2015.

Тажикстандын чыгышындагы Тоолуу Бадахшан автоном облусунда соңку күндөрдө катуу жаандан улам жүргөн сел менен жер көчкү 60 чакты үйдү, соода жана маданий жайларды кыйратып, электр линиясы менен сугат системасын бузуп кетти.

Селден улам аймактагы эки электр станциянын иши токтоду. Облус губернатору Рахмонкул Рахмонкулов үй-жайсыз калгандар коопсуз жайга көчүрүлүп, убактылуу чатыр лагерге жайгаштырылганын бүгүн билдирди. Анын айтымында, бул табият кырсыгы 3 миллион доллардай чыгымга кириптер кылды. Адам өмүрүнө зыян болгон жок.

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода акыркы күндөн бери аталган аймакта жүрөт.

XS
SM
MD
LG