Бүгүндөн тарта Грециянын банктары үч жумалык тыныгуудан кийин кайра иштей баштады. Бирок жарандар банктан каалаган өлчөмдө акча ала алышпайт. Бир адамга күнүнө бир эсептен 60 евро же жумасына 420 евро гана акча берилет. Мындай чектөө Грециядан акчанын сыртка агылып кетишин чектөө максатында кабыл алынган. Өлкөдө жарандар бүгүн таң эртеден банктарга узун кезекке турушту.
Эл аралык кредиторлордун шартына жараша Греция парламенти 16-июлда насыя кризисинен чыгуунун катаал иш-чараларын бекиткен. Ага ылайык, 20-июлдан тарта көпчүлүк товарлардын жана коомдук транспортто жүрүү акысы кымбаттайт.
Афины бүгүн Евромейкиндиктин лидерлери 17-июлда бекиткен 7.16 миллиард евро траншты алышы керек. Ал акчанын 4.2 миллиарды Европа Борбордук банкынын жана 2 миллиарды Эл аралык валюта фондунун карызын төлөгөнгө сарпталат.
Еврокомиссиянын вице-президенти Валдис Домбровски 17-июлда маалымдагандай, Грецияны дефолттон сактоо үчүн берилген 7 млрд. евро Афиныга болгон ишенимди жышааналайт: "Бул жумада кабыл алынган чечим ишенимди калыбына келтирүү үчүн коюлган биринчи кирпич. Деген менен биздин алдыбызда узак жол бар".
Германия канцлери Ангела Меркел билдиришинче, Грециянын насыяны төлөө шарты өзгөртүлүшү ыктымал.