Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Йемендеги атыш жүз чакты өмүрдү кыйды


Йемендин Аден шаарынан анча алыс эмес жердеги шиит козголоңчуларынын аткылоосунан жүз чакты киши жайрады. Козголоңчулар 19-июлда Адендин четиндеги кээ бир райондордогу көзөмөлдү жоготуп койгон соң Дар-Саад шаарын аткылай баштаган.

"Чек арасыз дарыгерлер" тобунун өкүлү Хасан Боусенине каза тапкандардын 80 пайызы жайкын тургундар экенин бүгүн билдирди. Анын айтымында, жок эле дегенде 75 адам каза тапты, бирок өлгөндөрдүн жалпы саны жүзгө чамалашы ыктымал. "Саудиялык коалиция козголоңчуларга каршы өнөктүк баштаган марттан бери кечээ эң жаман күн болду", - деп айтты ал Ассошэйтед пресс агенттигине.

Сауд Арабиясы баштаган араб өлкөлөрүнүн коалициясы 26-марттан тарта козголоңчу - хуситтер жашаган Йемендин райондорунда аба соккуларын жасап жатат. Коалиция жүргүзүп жаткан операциянын максаты - президент Абд Раббу Мансур Хадиге жана анын өкмөтүнө Йемендин бийлигин алып берүү. Аба чабуулдары башталган аралыктан бери 3 миңдей адам каза болду.

XS
SM
MD
LG