Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Атамбаев: Мыйзам баарынан өйдө болушу керек


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы бөлүгүн ачып жатып билдирди. Демократиялык коомду куруу үчүн тартип керек экенин белгилеген мамлекет башчы, атайын бөлүктүн негизги милдети коомдук тартипти жана митинг, акцияларда коопсуздукту сактоо экенин кошумчалады.

ИИМдин атайын даярдыктагы “Шумкар” бөлүгүнүн курулушу былтыр башталган. Ага жалпысынан 36 млн. 600 миң сом каражат жумшалган. Медициналык пункт, спорттук-машыгуучу зал, атайын жабдуу сактоочу жайы жана башка зарыл нерселердин баары камтылган бөлүктө 600гө жакын кызматкер иштесе болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG