Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Миграциялык концепция иштелип чыгат


Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги миграциялык концепциянын үстүнөн иштеп жатканын “Азаттыкка” министрликтин орун басары Алмазбек Асанбаев билдирди.

"Документ 4 багытты камтып, жарандардын чет өлкөгө кетип жатканын азайтууга өзгөчө басым жасалууда. Ал үчүн экономикалык негизде жаңы жумуш орун түзүп берүү үчүн өкмөт менен бирге иш алып баруу жагы каралган. Ошондой эле ички миграция маселесине концепцияда өзгөчө орун берилет. Мындан башка кайрылмандар, качкындар менен иш алып баруу жана чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга келүүсүн жөнгө салуу каралууда", - деди Асанбаев.

Кыргызстанда миграция боюнча программалык документ жок болгондуктан министрлик 1992-жылы кабыл алынган концепция менен иш алып барып келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG