Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

Атамбаев: Кыргызстанды солкулдатканга жол бербейбиз


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы бөлүгүнүн ачылыш аземинде Кыргызстандагы кендерди иштетүү, Жерүй маселесине токтолгон учурда билдирди.

- Жерүйдү иштетпейбиз деген топ чыгууда. Жерүй 300 сомго сатылганда тымпыйып отургандар 100 млн. долларга сатылганда каршы чыгып жатышат. Бул жөн эле шылтоо. Эмнеге Жалал-Абадда Бозумчакты, Ысык-Көлдө Кумтөрдү, Чүйдө уран шахталарды иштетүүгө болот, анан Жерүйдү иштетүүгө болбойт?

Мамлекет башчы өз сөзүндө өлкөнүн тынчтыгын бузууну каалагандар үчүн күч колдоно турган күн келерин эскертти. Мындан сырткары кен байлыктардан түшкөн каражат менен пенсия, жөлөкпул, айлыкты көбөйтүп, социалдык маселелерди чечүү зарылдыгын белгиледи.

Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү укугун орусиялык "Востокгеолдобыча" ишканасы утуп алган. Жакында Кыргызстандын бюджетине талап кылынган 100 миллион долларды толугу бойдон которуп берген. Бирок жергиликтүү тургундар каршы болуп келишет. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG