Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:49

Маматалиев: атайын операцияда өлтүрүлгөндөрдүн сөөгү берилбейт


Бул тууралуу вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Ал эл аралык террористтик уюм менен байланышы бар делген куралдуу топту кармоо операциясынын жыйынтыгына канааттанганын билдирди. Ошондой эле айрым жагдайларын ачыкка чыгара албай турганын айтты. Мындан сырткары өлтүрүлгөндөрдүн сөөгү туугандарына берилбей турганын, бул дүйнөлүк практикада да ушундай экенин кошумчалады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өткөн аптада Бишкектеги Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда куралдуу топту кармоо учурунда төрт адам өлтүрүлүп, дагы жетөө колго түшкөн. Өлтүрүлгөндөрдүн туугандары бүгүн мамлекет жетекчилерине кайрылып, маркумдардын сөөгүн берүүнү суранышкан. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG