Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Ысык-Көл облусунда дагы 18 тонна кара куурай жок кылынды


“Мак-2015” операциясынын алкагында бир күндүн ичинде 20 гектар жердеги 18 тонна кара куурай жок кылынганын облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жапайы кара куурай негизинен Ак-Суу, Түп жана Жети-Өгүз райондорунда өсөт. Бул жолу кара куурайды чабуу үчүн мамлекеттик мекемелерден 365 кызматкер чыгып, жалпысынан 280 миң сомдон ашык акча маяна катары төлөнүп берилди. Ушул убакка чейин дубанда жалпы 80 гектар жердеги 75 тонна жапайы кара куурай чабылды.

Жыл башынан облуста маңзаттарына байланышкан 111 кылмыш фактысы аныкталып, ар кандай түрдөгү 120 килограммдан ашык маңзат алынган. (AsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG