Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:14

Түркиядагы терактта кыргызстандыктар жабыркаган жок


Жарылуудан кийин

Жарылуудан кийин

Мындай маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Ички иштер министрлигине таянып таратты. Ага ылайык, кыргыз элчилиги Түркиянын Тышкы иштер министрлигине расмий нота менен кайрылып, Сирияга чек аралаш Суруч шаарында терактта кыргызстандыктар бар-жогун тактап берүүнү өтүнгөн. Нотага берилген расмий жоопто Суручтагы жардырууда каза болгондордун жана жаракат алгандардын арасында кыргызстандык жарандар жок экени айтылган.

20-июлда Түркиянын Суруч шаарында жанкечти аял жардырган бомбадан 32 киши мүрт кетип, жүздөн ашууну жарадар болгон. Жапа чеккендердин көпчүлүгү Социалдык жаштар ассоциациясынын мүчөлөрү. Алар коңшулаш Сириянын Кобани шаарын калыбына келтирүүгө көмөктөшүү үчүн барууга аянтка чогулушкан болчу. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG