Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Өзбекстан Коопсуздук кызматынын генералы камалды


Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы орун басар башчысы Хает Шарифкожоев камакка алынды. Ал эми анын иниси, атайын кызматтын полковниги Жавдат Шарифкожоевдин абактагы жаза мөөнөтү 4 жылга узартылган.

“Азаттыктын” өзбек кызматына билдирген эки башка булактын маалыматтарына караганда, 52 жаштагы генерал Хает Шарифкожоев бир жума мурда камакка алынган. 52 жаштагы генерал орун басарлыктан быйыл апрелде алынып, Улуттук коопсуздук кызматынын Жогорку мектебине мугалимдикке жиберилген.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарлашынча, аги-ини Шарифкожоевдер 2013-жылы президент Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнаранын мүлкүн камакка алууга катышкан.

XS
SM
MD
LG