Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

Кыргызстан АКШ менен кызматташуу тууралуу келишимди бузду


“1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн кызматташуу тууралуу келишимин денонсациялоо жөнүндө" токтомго премьер-министр Темир Сариев 21-июлда кол койду. Ага ылайык, “Кыргызстандын эл аралык келишимдер тууралуу мыйзамы боюнча Кыргызстан жана АКШнын 1993-жылы кол коюлган өкмөттөр аралык келишими 2015-жылдын 20-августунан тарта күчүн жоготот.

Токтом күчүнө киргенден кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу АКШ өкмөтүнө маалымдоого тийиш.

1993-жылы кол коюлган Кыргызстан жана АКШ өкмөттөр аралык келишимине ылайык, кызматташуу программаларына байланыштуу Америкадан алып келинүүчү товарлар жана башка буюмдар бажы төлөмдөрүнөн, салыктан жана башка төлөмдөрдөн бошотулган. Ошондой эле кызматташуу программалары боюнча иштеген АКШнын өкмөттүк же бейөкмөт уюмдары, анда иштеген кызматкерлер киреше салыктарынан, бажы төлөмдөрүнөн жана түрдүү акы төлөөлөрдөн бошотулган. Мындан тышкары АКШ өкмөтүнүн жарандык жана аскерий өкүлдөрү Кыргызстанда жүргөн кезде дипломаттык кол тийбестикке ээ болушкан. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматы маалымдады.

17-июлда Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев АКШнын Мамлекеттик департаменти Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” ыйгарган сыйлыгынан соң эки тараптуу кызматташууну үзүү демилгесин көтөргөн болчу.

АКШ 1991-жылы 27-декабрда дүйнөдө биринчилерден болуп Кыргызстандын эгемендигин тааныган. Андан бери АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги - USAID жыл сайын 40 миллион доллар өлчөмүндө Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүп келген. 2001-жылдан тарта “Манас” аба майданындагы авиа базасынын ижара акысы үчүн төрт миллион доллардан, кийин макулдашуу өзгөрүп, 2009-жылдан баштап 60 миллиондон төлөп келген. 2014-жылы июнь айында авиабаза Кыргызстандан чыгарылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG