Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:57

Тажикстан эл аралык коомчулуктан жардам сурады


Тоолуу Бадахшан регионундагы суу ташкындын картасы. 19-июль 2015

Тоолуу Бадахшан регионундагы суу ташкындын картасы. 19-июль 2015

Тажикстан Душанбедеги элчиликтерди жана эл аралык уюмдарды Тоолуу Бадахшандагы суу ташкын жана жер көчкүдө кыйраган объекттерди оңдоого жардамдашууну өтүндү. Тышкы иштер министрлигинин 21-июлдагы кайрылуусунда акыркы он күндөгү суу ташкындын айынан жети киши өлүп, беш киши дарексиз жок экени, жаратылыш кырсыгы 100 миң доллар чыгым келтиргени айтылат. Бир күн илгери Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода сел жана жер көчкү 50 миллион долларга чыгым келтиргенин билдирген.

Тоолуу Бадахшан автономиялык облусунун өкүлү Нилуфар Асламшоеванын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, жер көчкү жана сел Ванч районунда 70 чакты үйдү кыйратып, электр линияларын жана каналдарды иштен да чыгарган. Эки электр станция токтотулган. Үй-жайсыз калган жарандар убактылуу чатырларга жайгаштырылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG