Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

АКШ Кыргызстандын эли менен кызматташууну улантат


Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз кызматы билдирди. “Биз кыргыз өкмөтүнүн эки тараптуу кызматташуу келишимин бузуу чечиминин техникалык таасирин изилдеп жатабыз" деп айтылат билдирүүдө.

1993-жылы АКШ өкмөтү менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим Кыргызстанга гуманитардык, техникалык жана экономикалык жардам көрсөтүүнү бир топ жеңилдеткен база болчу. Ушундан улам кыргыз өкмөтүнүн бул чечими Кыргызстанда көмөктөшүү программаларынын жүргүзүлүүсүнө, анын ичинде экстремизм менен күрөшүүдө, экономиканы өнүктүрүп, жумуш орундарын түзүүдө, билим берүү системасын жакшыртып, өлкөдө демократиянын өнүгүүсүн колдоо жаатында кандай таасир тийгизери иликтенүүдө.

Эки тараптуу кызматташуу тууралуу 1993-жылкы келишимден бери АКШ ар кандай программалар аркылуу Кыргызстанга 2 миллиард долларлык жардам көрсөткөн.

АКШ 1991-жылы 27-декабрда биринчилерден болуп Кыргызстандын эгемендигин тааныган. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG