Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Америкалык генералдар Орусиянын коркунучу тууралуу эскертишүүдө


21-июлда Сенатта сүйлөгөн сөзүндө америкалык генерал Марк Милли Орусия АКШга коркунуч жаратып жатканын айтып, бул үчүн андагы өзөктүк куралдын бар болгону эле жетиштүү деп эскертти. “АКШны жок кылууга Орусияда мүмкүнчүлүк бар, бирок максат бар-жок экени белгисиз” деп билдирген Милли 2008-жылдан бери орустар агрессивдүү боло баштаганын белгиледи.

Милли акыркы апта ичинде эле мындай ойду айткан төртүнчү америкалык аскер болду. Ага чейин ушундай эле оюн АКШ куралдуу күчтөрүнүн министри айтып, Америка Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү аскерлеринин санын көбөйтүүгө тийиштигин билдирген эле.

Аляскадан чыккан республикачы сенатор Дэн Салливен АКШнын аскер жетекчилигин Анкориджедеги Элмендорф-Ричардсон аскер базасынын жоокерлерин 2500ге кыскартуу чечими үчүн сындап чыккан. Сенатор Пентагондун Арктика аймагы боюнча азыркы пландарында Орусия фактору эске алынбаганы үчүн кескин сындаган.

XS
SM
MD
LG