Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:50

АКШ "ал-Каида" лидерлеринин бири тындым болгонун жарыялады


Мухсин ал-Фахди

Мухсин ал-Фахди

"Ал-Каида" террордук уюмунун мүчөсү, Батыш өлкөлөрү теракттарды уюштурууга аралашканына шектенген Мухсин ал-Фахди Сириянын Сармад шаарынын жанында АКШ аба күчтөрүнүн чабуулунда жок кылынды. Пентагондун кечээги кабарына караганда, ал-Фахди отурган автомобиль 8-июлда Сириянын Сармад шаарынын жанында аба соккусуна кабылган. Түбү кувейттик Мухсин ал-Фахди "ал-Каида" тутумундагы Хорасан тобунун лидерлеринин бири. Пентагондун өкүлү Жефф Дейвис ал-Фахди 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракт тууралуу күн мурунтан кабары болгонун, ал "ал-Каиданын" АКШ менен анын союздаштарына сырттан чабуул жасоону пландаштыруу менен алектенген тармагын жетектегенин айтты.

АКШ ал-Фахдини 2002-жылы Кувейт базасындагы америкалык деңиз аскерлерине жана Франциянын "Лимбург" танкерине чабуул уюштурууга айыптап келет. Кошмо штаттар аны колго түшүрүү үчүн берилчү маалыматтарга 7 миллион доллар сыйлык жарыялап, Кувейт менен Сауд Аравия бийликтери ага издөө жарыялаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG