Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

Зордукталган келин кайрадан кордолгонун айтып чыкты


“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы Таласта сот аткаруучулары тарабынан зордукталды делген 31 жаштагы Калия Арабекованын өмүрүнө коркунуч туулганын айтып чыкты.

Аталган кыймыл тараткан маалыматта 21-июлдан 22-июлга караган түнү Арабекованын үйүнө бет капчан эки киши кирип келип, муунтуп, уруп-согуп, зордуктап, тосмо арыз жазып берүүнү талап кылышканы айтылат. Жабырлануучу аларды үнүнөн таанып, акыйкатчынын Таластагы өкүлчүлүгүнө кайрылган. Арабекова үйүнө кирип келгендердин бири Илгиз Карымбаев экенин айткан.

Мындан улам “Бир дүйнө Кыргызстан” айыпталуучуларга карата катуу чара көрүүнү жана камакка алууну өтүнүп, Жогорку Сотко, Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине кайрылды.

Ушул жылдын 21-майында Сокулук райондук сот Калия Арабекованы зордуктады деп айыпталып жаткан сот аткаруучулар Карымбаев Илгиз, Алыбаев Алтынбек, Кененсариев Мукаш боюнча өкүм чыгарган. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча (тобу менен зордуктоо) жазага тартылып, ар бири сегиз жылдан эркинен ажыратылган. Бирок алар сот залынан камакка алынган эмес, мындан улам жабырлануучу Калия Арабекова дароо эле коркутууларга туш болгонун айтып чыккан.

31 жаштагы Калия Арабекова аты аталган сот аткаруучулары "алимент алып келдик" деген шылтоо менен келип зордукташканын айтып, мындан эки жыл мурда сотко кайрылган эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG