Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Молдовада европачыл партиялар коалиция түздү


Молдова парламенти
Молдова парламенти

Молдова парламентиндеги үч европачыл партия башкаруучу коалицияга биригип, өлкөнү Европа Биримдигине карай интеграциялоочу өкмөт түзүү тууралуу макулдашты. Демократиялык, Либерал-демократиялык жана Либералдык партиялар келишимге жетишкенин бүгүн жарыялашты. Либералдык партиянын лидери Михай Гимпу муну "өлкө эли жана европалык шериктештер үчүн жакшы белги" деп баалады.

Тараптар эми бүгүн өкмөттөгү орундарды жана башка саясий кызматтарды бөлүштүрүүнү талкуулашат.

Молдованын премьер-министри Кирилл Габурич өткөн айда жогорку билими тууралуу дипломуна байланышкан чатактан улам кызматтан кеткен эле.

Өлкөдө былтыр ноябрда парламенттик шайлоо өтүп, бирок европачыл партиялар коалиция боюнча келише албай, өкмөт болсо коммунисттерге таянып келген.

XS
SM
MD
LG