Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:05

Ош шаардык соту мурдагы мэр Мелис Мырзакматовду “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып менен үй-мүлкүн конфискациялап, өзүн жети жылга эркинен ажыратууну өкүм кылды. Мырзакматов учурда Кыргызстанда жоктугуна байланыштуу соттун чечими 22-июлда сыртынан чыгарылды.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов жетектеген “Улуттар биримдиги” партиясы жакында эле быйылкы парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясын колдорун билдирген эле. Айрым маалыматтар боюнча, Мырзакматов партиянын тизмесинде алдыңкы катардагы талапкер болуп шайлоого бараткан.

Мелис Мырзакматовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү өткөн аптада башталганын, тараптар иштин материалдары менен таанышып бүтө электигин “Азаттыкка” Мырзакматовдун соттогу өкүлү Абжапар Акулов билдирди:

- Сот жараяны башталды, бир топ күбөлөр суралды. Адвокаты ооруп калганына байланыштуу 21-июлдагы сот процесси кийинкиге калган. Азырынча эч кандай чечим чыгышы мүмкүн эмес, процесс жаңы эле башталып, күбөлөр суралып бүтө элек да.

Абжапар Акуловдун айтымында, Мырзакматовдун тарапкерлери сот чечиминен кабарсыз.

Мелис Мырзакматовго карата Ош шаарындагы эстакада көпүрөсүн курууда мамлекетке 29 млн. сомдук зыян келтирген деген айып менен кылмыш иши козголуп, сотко өткөрүлгөн. Мындан тышкары дагы бир нече фактылар боюнча анын жакындарына, айланасындагы айрым кишилерге кылмыш иштери козголгон. Мырзакматов өзүнө карата козголгон кылмыш иштерин “саясий куугунтук” деп атап, өлкөдөн чыгып кеткен. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG