Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Нью-Йорктогу биржада мунай кескин арзандады


Бир эле күндө мунайдын баасы үч пайызга арзандап, 1 баррели 49 доллар 19 центке түштү. Бул акыркы үч айдан берки төмөндөө. Баанын түшүүсү АКШда мунайдын запасын өндүрүү өскөнү жана доллардын куну башка валюталарга карай бекемделгени менен байланыштырылууда.

Ошондой эле буга Ирандын дүйнөлүк мунай базарына кайтып келүүсүнүн да таасири бар экени айтылууда. Бул аралыкта Дүйнөлүк банк мунайдын быйылкы жогорку баасы 57 доллар болорун билдирди. Ошол эле учурда ОПЕК баанын төмөндөөсүн убактылуу көрүнүш деп баалап, мунай өндүрүүнү кыскартпай турганын билдирди.

Бул 2009-жылдын сентябрынан берки эң төмөнкү баа. Мунайдын баасы былтыр июндан тарта кескин арзандап келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG