Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

АКШ Гуантанамо абагын жабуу планын даярдоодо


Гуантанамо абагы
Гуантанамо абагы

Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест кабарлагандай, Барак Обаманын администрациясы Гуантанамо абагын “коопсуз жана жоопкерчиликтүү” жабуу боюнча Конгресске жөнөтүлө турган планды даярдап бүткөнү калды. Пресс-жыйында Эрнест бул иш оңой болбой жатканын белгилеп, Вашингтон “маанилүү чекке” келгенин кошумчалады. Ал ошондой эле президенттик администрация абактагыларды которуунун жолдорун, соттук процесстерди өткөрүүнүн жана кылмышкерлердин макамын карап көрүү маселелерин талкуулап жатканын билдирди.

Ак үйдүн өкүлү Гуантанамо абагын жабуу “президент артыкчылык берген иш” экенин кабарлап, Обама “бул мекеменин ишин токтотуу АКШнын улуттук коопсуздугунун кызыкчылыгына төп келет” деп айтканын ачыктады.

АКШ Гуантанамо түрмөсүн террорчулукка шектелген чет элдиктер үчүн 2002-жылы ачкан. Ал жерде азыр 166 айыпкер бар. Конгресстин мүчөлөрү буга чейин бир нече жолу бул абакты жабуу керектигин көтөрүшкөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG