Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Диль: Жогорку Нарын каскадында курулуш токтоп калды


Жогорку Нарын каскады курулчу жер
Жогорку Нарын каскады курулчу жер

"Русгидро" компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадында каржылоо планын аткарбай жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин коллегиясында вице-премьер-министр Валерий Диль билдирди. Анын айтымында, ГЭСтерди куруу мөөнөтүнөн кечигүүдө. "Мамлекет биринчи электр өндүрүмүн 2016-жылга пландап жаткан, бирок курулуш тилкесинде жумуш токтоп турганы өкүндүрөт", – деди вице-премьер.

- ГЭСтеги курулуштун токтошу ишкананын начар ишинен болууда. Анын ичинде биздин адамдардын да күнөөсү бар. Себеби алар каржылоону көзөмөлдөп туруш керек болчу. Учурда жалданма мекемелерге 200 миллион сомдун тегерегинде карыз болуп калдык. Былтыр 960 миллион сом курулушка сарпталса, быйыл эч кандай каражат жумшала элек.

Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге 2012-жылы кол коюлган. Орусия тараптан каскадды куруудагы Кыргызстандын өнөктөшү “Русгидро” ишканасы - ГЭСтердин курулушу беш-алты жылга созулуп, алгачкы гидроагрегат 2016-жылы ишке кирерин маалымдаган.(SDz)

XS
SM
MD
LG