Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:22

Острава шаарынын полициясы кабарлагандай, жаракат алып ооруканага түшкөн 18 адамдын бири каза болду.

Шаршемби күнү эртең менен "Пендолино" ыкчам электропоезди жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Айдоочу унааны эки шлагбаумдун ортосуна рельске таштап кетип калганы кырсыкка себеп болгон. Поезддин эки жүргүнчүсү ошол жерде каза таап, үчүнчү киши бейшембиге караган түнү ооруканада жан берди.

Кырсык Острава шаарынын Студенка шаарчасында болду. Чехиянын маалымат каражаттары билдиргендей, жүк ташуучу унаанын айдоочусу 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG