Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:17

Евробиримдиктин башкы дипломаты Иран менен Сауд Арабияга барат


Европа биримдигинин тышкы иштер боюнча комиссары Федерика Могерини Венада жетишилген Ирандын өзөктүк келишимин талкуулоо үчүн келерки аптада Иранга жана Сауд Арабияга сапар алат. Жолугушууларда макулдашуудан кийинки аймактык көйгөйлөр тууралуу сөз болот. Ошондой эле келишимди ишке ашыруу маселеси талкууланат.

Могерини Тегерандын ядролук программасы боюнча Иран менен дүйнөнүн алты державасынын корутунду келишимге жетишүүсү боюнча сүйлөшүүгө катышкан. Келишимге ылайык, Иран ядролук программасынын негизги бөлүгүнөн баш тартат, бул үчүн өзгөчө мунай экспортуна салынган санкциялар жоюлат.

Жаңы келишим Жакынкы Чыгышта бир катар нааразылыктар менен коштолгон, анын ичинде Сауд Арабиясы Тегеран аймакта өз таасирин арттырып, кырдаалды туруксуздаштырат деген камтамасын билдирген. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG