Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Нарында дарыгерлер эмгек акы боюнча өкмөткө талап коюшту


Бүгүн Нарында 50дөн ашык дарыгерлер облустук оорукананын имаратында жыйын өткөрдү. Алар бийик тоолуу шартта иштегендер үчүн мурда төлөнүп жүргөн кошумча үстөк төлөм эки айдан бери кошулбай, аз айлык алып жаткандарына нааразычылык айтышты.

- Мен төрт ай мурун айлык көп деп атайын Бишкектен Нарынга келгем. Өткөн айда 10 миң сом айлык алдым. Анын сегиз миң сомун батирдин акысына төлөсөм, калган 2 миң сом жол киреме эле кетти. Эгер мурунку айлыкты кайра калыбына келтирбесеңер, мен башка жакка кетүүгө даярмын. Бул тууралуу өкүлчүлүккө кайрылсак, алар "иштебесеңер арызыңарды жазып кете бергиле" дейт, муну кантип түшүнсөк болот, - деди облустук ооруканага жаш кадр катары келген Талант Калдыбаев.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык бөлүмүнүн башчысы Динара Жунусова дарыгерлердин үнүн өкмөткө жеткирерин айтты. Ал эми жыйынга келген дарыгерлер 1-августка чейин маселе чечилбесе, 1 ставкадан ашык иштебей турганын билдиришти.

Буга чейин нарындык дарыгерлер Эмгек кодексине киргизилген маяна тууралуу өзгөртүүгө каршылык билдирип, нааразычылык акциясына чыгышкан. Анда бийик тоолуу шартта иштеген дарыгерлердин үстөк төлөмү 1 ставкадан өткөндөн кийин төлөнбөйт деп жазылган. (MiK)

XS
SM
MD
LG