Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Ош шаардык соту Мырзакматовду жети жылга кести


Мелис Мырзакматов "Азаттыктын" Бишкек студиясында, 17-январь, 2013-жыл
Мелис Мырзакматов "Азаттыктын" Бишкек студиясында, 17-январь, 2013-жыл

“Улуттар биримдиги” партиясы сот өкүмүн мыйзамсыз деп, Оштун экс-мэрин парламенттик шайлоого катыштырбоо максатында саясий куугунтук болууда деген билдирүү таратты.

22-июлда Ош шаардык соту Мырзакматовду сыртынан жети жылга соттоду жана үй-мүлкү конфискациялансын деген чечим чыгарды.

Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун таламдаштары сот процесси башталбай жатып эле чукул аяктаганын, сот өкүмү анын жактоочуларын катыштырбай туруп чыгарылганын сындап жатат.

Ош шаардык кеңешиндеги “Улуттар биримдиги” фракциясынын төрагасы Рысбек Мирзаматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, алгачкы сот процесси 15-июлда эле болгон.

- Биринчи сот процессте катышкан күбөлөрдүн баары судьянын "Мырзакматовдун канчалык деңгээлде күнөөсү бар, ал силерге басым кылдыбы, акчаны өзү бөлүштүрүп, жеке чечим кабыл алдыбы" деген суроолоруна бардыгы тең "күнөөсү жок" деп жооп беришкен.

Кийинки сот отуруму 16-июлга дайындалган экен. Бирок Мырзакматовдун адвокатынын саламаттыгынан улам 20-июлга жылган. Белгиленген күндөгү процесс адвокаттын ооруканага жатып калганына байланыштуу болгон эмес. Бирок шаардык сот кийинки процессти 22-июлга белгилеген жана бул тууралуу Мырзакматовдун жактоочуларына маалымдаган эмес.

Мырзакматовго мамлекеттик жактоочу катары Айсалкын Карабаева дайындалган. Анын айтымында, жактоочу болгонун 21-июлда уккан жана бир күндүн ичинде алты томдон турган иш менен таанышып чыгууга аргасыз болгон. Карабаева күбөлөрдү катыштырбай, жактоочулары жок чыгарылган сот чечимин мыйзамсыз деп атады:

- Мен материалдар менен 21-июлда тааныштым. Мен процессте Мырзакматовдун күнөөсүн толугу менен жокко чыгардым. Себеби мамлекет тарабынан Мырзакматовго басым болуп, анын укугун тебелешти. Мен ошол жерде эки прокурорго, судьяга адамдын өзү жок туруп кылмыш иш козголуп, алтургай соту болуп жатканын, бул мыйзамга туура келбей турганын айттым. Алар болсо мыйзамдардагы беренелерге шилтеме кылышты. Бирок мен прокурорлорго, судьядарга Адам укугу тууралуу конвенцияда адамды куугунтукка алууга каршы беренелер каралганын, биз ошону бузуп жатканыбызды айттым.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бийлик Мырзакматовду кысымга алып жатат деген дооматтарды негизсиз деп билдирди:

- Мырзакматовду баарыбыз жакшы билебиз го. Ал аябай деле Кыргызстандын деңгээлиндеги саясатчы эмес. Бир региондо, бир шаарда анча-мынча авторитети болсо болгондур. Аны бүгүнкү бийликтин оппоненти кылып, андан кутулуу үчүн аракет болуп жатат деп баяндоонун кереги жок. Ал кылмыш кылган болсо, ошонун жообун берип жатат. Азыр баары мыйзам чегинде болууда.

Ал ортодо коомчулукта Мырзакматовго чыккан сот өкүмүн президенттин мурдагы администрация башчысы Данияр Нарымбаевдин камалышына байланыштыргандар дагы болууда. Көз карандысыз эксперт Марс Сариев маселенин түйүнүн Ак үйдөгү саясий күчтөрдүн атаандаштыгынан көрөт:

- Өмүрбек Текебаев аутсайдер болуп Ак үйдөн чыгып кете баштады. Нарымбаев өз командасы менен Текебаевди четке сүрө баштаганы белгилүү. Эми Нарымбаев саясий майдандан кеткенден кийин Текебаевдин кайра КСДПга жакындоосуна мүмкүнүчүлүк бар. Ошол эле маалда Мырзакматовду да бул жараянга кошуп коюшту. Натыйжада Текебаев президент Атамбаевге өз алдынча, ошол эле маалда тең салмактуу атаандаш боло албай калды.

Мелис Мырзакматов боюнча өкүм чыгарган судья Шералы Камчыбеков жогору жактан көрсөтмө болгон деген дооматты четке какты. Мамлекеттик коргоочунун катышуусунда чечим чыгарууну мыйзамдуу деп атады. Ал эми прокурорлор бул процесс боюнча азырынча комментарий бере элек.

Мелис Мырзакматовго былтыр ноябрь айында кылмыш иш козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. Ага Оштун мэри болуп иштеп турганда эстакада көпүрөсүн курууда 30 миллион сомго жакын зыян келтирген деп айып тагылган. Мырзакматов муну саясий куугунтук деп атап келет.

Оштун мурунку мэри ушул тушта чет өлкөдө баш калкалап жүрөт. Жакында эле саясий билдирүү жасап, анын “Улуттар биримдиги” партиясы күздөгү парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясын колдой турганын, эки партия кызматташарын жарыялаган болчу.

XS
SM
MD
LG