Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Лукашенко Депардьеге чөп чапканды үйрөттү


Беларус президенти Александр Лукашенко Орусиянын жарандыгын алган, белгилүү француз актеру Жерар Депардьеге чалгы менен чөп чабуу сабагын көргөздү.

Октябрда жаңы президенттик мөөнөткө бараткан Лукашенко Депардье менен шаршембиде Минсктеги резиденциясында кезикти жана ошол жерден ага чөп чапканды үйрөттү.

Андан кийин Депардьени салттуу беларус ашканасы менен сыйлап, колго жасалган самагондон ооз тийгизишти.

1994-жылдан бери Беларусту башкарган Лукашенко Европанын акыркы диктатору деп саналат. Депардье 2013-жылы орус жарандыгын алып, Орусиянын президенти Владимир Путинди колдой турганын айтып чыккан. Украинанын өкмөтү болсо Депардьени өлкөгө кооптуу адам катары санап, кара тизмеге киргизген. (ErN)

XS
SM
MD
LG