Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Данияр Нарымбаев эки айга камалды


Данияр Нарымбаев
Данияр Нарымбаев

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев 15-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Анын баш коргоо чарасын Октябрь райондук сотунун судьясы Нурлан Эсенбаев караган. Эсенбаев бир нече күн мурун Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовду да эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

22-июлда Данияр Нарымбаев Башкы прокуратурага суракка чакырылып, камакка алынган депутат Хаджмурат Коркмазов менен беттештирилген. Ошол эле күнү Данияр Нарымбаев Кылмыш кодексинин "коррупция", "пара алуу", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деген беренелер боюнча кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Данияр Нарымбаев мурдагы депутат Нариман Түлеевдин камакка алынган мүлкү боюнча ишти оң жагына чечип берүүгө жардам берүү үчүн Түлеевдин кызынан пара алган деп шектелүүдө. Нарымбаев бул ишке тиешеси жок экенин айтып, бул бийликти жаманатты кылуу аракети деп билдирүү тараткан болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG