Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:17

Акыйкатчыны тандоо күзгө калышы мүмкүн


Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети акыйкатчыны тандоону күзгө калтыруу боюнча төрага Асылбек Жээнбековго кат жолдоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комитеттен кабарлашты. Учурда “Республика” жана “Ар-намыс” фракциялары гана талапкерди сунушташкан.

Бул кызматка барууну каалап, арыз бергендер арасында Акыйкатчы институтунун Нарындагы өкүлү Тойгонбай Жаанбаев, жарандык активист, юрист Атыр Абдырахматова, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, Кыйноолорду алдын алуу борборунун башчысы Бакыт Рысбеков, экс-министр Марат Кайыпов, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева жана башкалар бар.

Мыйзам боюнча ар бир фракция үчтөн ашык эмес талапкер сунуштай алат. Омбудсмен болгусу келген адам 30дан 65 жашка чейинки куракта, кыргыз жана орус тилдерин билиш керек.

Мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаевди “жылдык отчету канааттандырарлык эмес” деген негизде Жогорку Кеңеш өткөн айда мөөнөтүнөн мурда кызматтан алган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG