Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Алматыда селдин кесепетинен арылуу иштери уланууда


Казакстан -- Алматынын Ноорузбай району селден кийин. 23-июль, 2015.
Казакстан -- Алматынын Ноорузбай району селден кийин. 23-июль, 2015.

Чукул кырдаалдар министрлигинин соңку эсеби боюнча, Алматыдагы бир күн мурдагы суу ташкын 130дай үйдү жана эки мекетпти алып, кеминде алты адам ооруканага түшкөн. Кырсык болгон жерден эвакуацияланган адамдардын саны миңден ашты.

Жергиликтүү бийликтин маалымдашынча селге себеп болгон Каргалы өзөнүндө азыр кырдаал калыбында, экинчи ирет сел жүрүү коркунучу жок.

23-июлга караган түнү Алматынын Ноорузбай районунда дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүшүнөн суу ташып, аймактагы жолдорду, көпүрөлөрдү бузуп кеткен. Мындан сырткары бир канча үйдү суу баскан. Учурда селдин кесепетин жоюу жана чыгымдарды тактоо иштери уланууда.

XS
SM
MD
LG