Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Жалал-Абад: тосулган жол ачыла элек


Ала-Бука – Көк-Таш жолун бүгүн саат 11ден баштап тосуп турган Көк-Серек айылынын тургундары “Казакмыс Голд Кыргызстан” компаниясынын директору Ильяс Тулекеевдин келишин талап кылышууда. Жол тосуп турган 50дөн ашык адам менен район акими Алымкул Кулуев жолугушуп, азыр жеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жолду ачууну өтүндү.

Аким жергиликтүү тургундар менен райондук бийлик биргелешип комиссия түзүп, талаптар боюнча териштирүү жүргүзүлөрүн билдирди. Чогулгандар 15 күн мурда компанияга элдин атынан кайрылуу берилгенин, бирок алар аны аткарбай жатканы бүгүнкү акциянын чыгышына себеп болгонун билдирди.

Бүгүн Жалал-Абад облусуна караштуу Көк-Серек айылынын тургундары Ала-Бука - Көк-Таш жолун буушкан. Алар Бозумчак кени элдин талабын аткарбай жатканын ырасташууда. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG