Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Ирак армиясы Рамадини бошотууга киришти


Ирак -- Суннит урууларынан куралган аскердик кошуун.
Ирак -- Суннит урууларынан куралган аскердик кошуун.

Пентагон кабарлагандай, Американын аскерий адистери тарабынан даярдыктан өткөн үч миңдей Ирак аскери Рамади шаарын "Ислам мамлекети" радикал тобунун согушкерлеринен бошотуу операциясына катышып жатат. Пентагондун өкүлү, полковник Стив Уоррендин билдиргенине караганда, Ирак аскерлери азыр АКШ коалициясынын аба соккуларына таянуу менен шаарды көздөй жылып баратат. Операцияга ошондой эле жергиликтүү суннит урууларынан куралган кошуундар да катышууда.

Ирактын борбору Багдаддан 100 чакырымдан ашуун алыстыктагы Рамади шаарын быйыл май айында “Ислам мамлекети” радикал тобу басып алган.

XS
SM
MD
LG