Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:04

Москва соту ашынган улутчулдардын лидерин өмүр бою абакка кести


Орусия -- Илья Горячев сот өкүмүн угууда. Москва, 24-июль, 2015
Орусия -- Илья Горячев сот өкүмүн угууда. Москва, 24-июль, 2015

Москва шаар соту ашкере улутчулдардын лидери Илья Горячевду бир канча киши өлтүрүүлөрдү уюштурган деп айыптап, өмүр бою абакка кести. Буга чейин ал коюлган бардык айыптар: мыйзамсыз курал сатуу, бандитизм, экстремисттик уюм түзүү, беш киши өлтүрүүгө катышуу боюнча күнөөлүү деп табылган.

Сот өкүмүнө ылайык, "Орус улутчулдарынын аскерий уюумунун" (БОРН) лидери Горячев эми өлтүрүлгөн антифашист Илья Жапаридзенин энесине моралдык чыгым катары 5 миллион рубль да төлөп бериши керек. Муну менен сот жабырлануучунун жарандык арызын да канааттандырды.

XS
SM
MD
LG