Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:15

Аламүдүн суусу ташкындап кетиши ыктымал


Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирүүдө. 24-июль күнү Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов Жогорку Көк-Жар конушун кыдырып, жагдай менен таанышты.

Ал учурунда суунун жана каналдардын жээгинде мыйзам бузуу менен жерлер берилип кеткенин сындады. Бүгүнкү күндө суу жээгинде курулуп калган турак жайлар суу каптоо коркунучунда турат жана алар алдын алуу иштерин жүргүзүүдө кыйынчылыктарды жаратууда. Мындан тышкары сууга ыргытылган таштандылар дагы жумушка кедергисин тийгизип жатат.

Ушул тапта оор техникалар, жумушчулар тартылып, суунун ташкындап кетүүсүн алдын алуу чараларын көрүүдө.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG