Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

Савченкону белгиленген жерге 25-июлда алып келишет


Украиналык аскер кызматкери, учкуч Надежда Савченконун кайда экендиги тууралуу Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарымдуу өкүлү Элла Памбилованын суроосуна бийлик мына ушундай жооп берди.

Савченконун адвокаттары Илья Новиков жана Марк Фейгин буга чейин билдиргендей, украиналык учкуч Москвадагы убактылуу тергөө абагынан 17-июлда Ростов-на-Донуга сотко жөнөтүлгөн жана такталбаган маалыматтар боюнча ал ФСБнын облустук башкармалыгынын убактылуу тергөө абагында жатат. Мындан тышкары Савченконун иши боюнча процесс Ростов облусунун Донецк шаардык сотунда 30-июлда башталары кабарланган.

Надежда Савченко Донбасста 2014-жылы жайында эки орус журналисттин өлүмүнө катыштыгы бар жана чек арадан мыйзамсыз өткөн деп айыпталууда. Ал өзү айыптардын баарын четке кагып, аны Украинанын аймагында уурдап кетип, күч менен Орусияга алпарышканын билдирүүдө.

Эгер Савченкого өкүм чыгарыла турган болсо, ал 25 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Дүйнө жүзүндө активисттер жана укук коргоочулар Савченконун коё берилишин талап кылып, ага карата иш саясий негизде козголгонун айтып жатышат. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG